Бишкекте жана Чүйдүн аймагында “Йакын инкар” диний экстремисттик агымынын мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкекте жана Чүйдүн аймагында “Йакын инкар” диний экстремисттик агымынын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган диний экстремисттик агымдын активдүү лидерлерин жана мүчөлөрүн аныктоо жана алардын жашаган даректерине мыйзам чегинде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында жашаган “Йакын инкар” диний экстремисттик агымынын лидеринин жана мүчөлөрүнүн үйлөрүнөн экстремисттик мазмундагы 114 даана китеп, 8 даана СD-диск, 2 даана флеш карта, 37 даана баракча, 6 даана дептер, 5 даана уюлдук телефон, 2 даана брошюралар далил катары алынды.

Учурда алынган далил буюмдар боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, “Йакын инкар” диний экстремисттик агымдын 8 мүчөсү тергөө кызматына жеткирилип, кошумча тергөө амалдары жүргүзүүлүдө.

Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары ушул багыттагы иштерин күчөтүлгөн багытта алып барууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий