• 87
  • 90.63
  • 0.79

Жарандык иденттүүлүк жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепцияларынын аткарылышы талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2021-2026-жылдарга Кыргызстанда жарандык иденттүүлүк - Кыргыз жараны концепциясын жана 2022-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Атап айтканда, жогоруда аталган документтерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарынын аткарылышынын жүрүшү каралды.

«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы, жарандык иденттүүлүк концепциясы өзгөчө мамилени талап кылган маанилүү жана сезимтал тармактар. Мамлекет коомдогу биримдикти, ынтымакты жана сый-урматты сактоого жана чыңдоого жөндөмдүү салмактуу жана жоопкерчиликтүү саясатты иштеп чыгууга умтулат. Этникалык топтордун жана диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү – ар бир жаран өзүн бир бүтүндүктүн бөлүгү катары сезген күчтүү, бирдиктүү Кыргызстандын негизи», - деди Эдил Байсалов.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле мыйзамсыз диний ишмердүүлүктүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин долбоору сунушталып, Кыргызстандагы диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөөнүн бет ачары болду. Изилдөөдө диний фактордун өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалга тийгизген таасирине талдоо берилген.

Жыйындын жыйынтыгында аталган багыттар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий