Бишкекте жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан KOICA (Корея эл аралык кызматташтык агенттиги) өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн гуманитардык жардам берүү уюштурулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаевдин, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсунун катышуусунда өттү.

Район башчысы Ли Джонгсуга гуманитардык жардам жана райондун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, муниципалдык администрациясынын ыраазычылык катын тапшырды.

Жалпысынан 268 азык-түлүк баштыгы 206 үй-бүлөгө таратылып, көмөк 773 адамга, анын ичинде балдарга көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий