• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте адам сатуунун курмандыгы болгондорго арналган көргөзмө өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.07.18 /Кабар/. Бишкектеги Курманжан Датка эстелигинин алдында 30-июлда адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорго арналган “Жакшы жашоону издеп...” аттуу көргөзмө өтөт. Ал “Биргеликте адамдарды сатууга каршы!” кампаниясынын алкагында “Айкөл” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.

Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык миграция боюнча уюм, Бириккен улуттар уюмунун баңгизаты жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, ОБСЕнин Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү сыяктуу көрүнүштөргө чекит коюу үчүн иш-чаранын өнөктөштөрү болууда.

Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, көргөзмөнүн максаты – адамды сатуунун курмандыгына айланган адамдар туш болгон коркунучтарды жеткиликтүү жана көрүнүктүү түрдө көрсөтүп берүү, чет өлкөлөрдөгү мигранттардын жашоосун, алар түшкөн транспорт каражаттарын, жашоо жана эмгек шарттарын көрсөтүү.

Көргөзмөдө эл аралык эмгек уюмунун өкүлдөрү жумушка алынганда эмгек боюнча укуктары бузулган жарандар жана адамды сатуунун курмандыктары туш болгон бардык тобокелдер тууралуу айтып беришет.

Пикир

Оставить комментарий