• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыпариса Рысбекова Адам укугу боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалынын ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 03.12.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 3-декабрда, «Бир дүйнө Кыргызстан 2021» аталышындагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын 15-эл аралык фестивалынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Фестивалда «Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары», «Майыптардын укуктары», «Ишкердик жана адам укуктары», «Социалдык, экономикалык жана маданий укуктар» деген темаларга арналган 24 тасма көрсөтүлөт.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар бир адам төрөлгөндөн тартып укук жана эркиндиктерге ээ болуп, мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, эркек менен аялдар тең укукка жана эркиндикке ээ экенин, ошондой эле өлкөдө баланын кызыкчылыгын жогорку деңгээлде коргоо принциби иштей турганын белгиледи.

«Кыргыз Республикасы адам укуктары боюнча олуттуу эл аралык конвенциялардын мүчөсү болуп саналат жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого активдүү катышып келет.

Муну менен мамлекет дүйнөлүк коомчулуктун алдында өлкөбүз катышкан негизги эл аралык келишимдердин жоболору Кыргыз Республикасында ишке ашырылат деген милдеттенмени алган.

Бул фестиваль документалисттерди жана эксперттерди, жергиликтүү жана эл аралык коомчулукту тартуу менен баарыбызга адам укуктары боюнча даректүү чындыкты инновациялык форматта талкуулоого мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи Жыпариса Рысбекова.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Бишкек шаарында 3-9-декабрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий