Бишкекте жасалма номер тагылган Toyota Camry унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер тагылган Toyota Camry унаасы кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 16-декабрда болжол менен саат 15:30дар чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери Павлов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган Toyota Camry автоунаасын токтотушкан.

Унаанын тиешелүү документтерин текшерүү учурунда 20 жаштагы К.К. аттуу жаран жолтандабасына жасалма номер тагып жүргөндүгү белгилүү болгон.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, айдоочусу Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий