• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тоңдо жеке жактарга мыйзамсыз берилген мектеп имараты мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.10.23. /Кабар/. Тоңдо жеке жактарга мыйзамсыз берилген мектеп имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан Кажы-Сай айылындагы 0,60 га жер тилкеде жайгашкан мектеп-интернат 2008-жылы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык обьектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.

Прокурордук актысынын негизинде базар баасы 14 млн 788 миң сомду сомду түзгөн аталган мектеп-интернаттын имараты, 0,60 га жер тилкеси менен муниципалдык менчикке Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий