Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жаш мектеп директорлору үчүн семинар болуп өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, окууга 27 адам катышты. Семинардын катышуучулары тарых, орус тили жана адабияты, кыргыз тили жана адабияты, химия жана англис тили сабагы боюнча ачык сабактарга катышып, мугалимдер заманбап окутуу ыкмаларын колдонушту.
Бул сабактар көптөгөн илимдердин айкалышында иштелип чыккан жана окутулган санариптик технологияларды колдонуу менен интеграцияланган.
Ошондой эле семинардын алкагында катышуучулар мектеп окуучулары тарабынан Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Айтматов каармандар айдыңында» аттуу театралдаштырылган оюн-зоок программасын көрүштү.
Пикир
Оставить комментарий