• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте "Жашыл Мурас" долбоорунун алкагында 1 миң теректин көчөтү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/.Бүгүн Бишкекте "Жашыл Мурас" долбоорунун алкагында Айыл Банк жана Токой кызматынын демилгеси менен 1000 теректин көчөтү отургузулду.

Иш-чарага "Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджанов, Токой кызматынын башчысы Мураталы Тагаев, кызматкерлер катышты.

"Айыл Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджановдун айтымында, көчөттөрдү отургузуу токойлорду калыбына келтирүүгө жана аймактын экологиялык абалын жакшыртууга жардам берет.

“Бул биздин "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясынын алкагындагы биринчи иш-чарабыз. Биздин жети облуста 38 филиалыбыз бар, буюрса бардык филиал биздин демилгени колдоп өлкөнү жашылдандырууга салым кошот деп ойлойм”, - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чара экология көйгөйлөрүн чечүүгө жана жарандарды жашылдандыруу боюнча долбоорлорго тартууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий