• 87
  • 90.59
  • 0.87

Бишкекте ЖМК өкүлдөрү үчүн “Манас” эпосун жайылтуу багытында маалыматтык машыгуу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Бишкекте “Манас” кыргыз элинин маданий коду аталышындагы маалыматтык машыгуу өтүп жатат.

Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук активисттер, блогерлер катышууда. Иш-чараны министрлер кабинетине караштуу “Манас” улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси уюштурган.

Маалыматтык машыгуу алгач “Манас” академиясында жаңы түзүлгөн “Айкөл” студиясын тааныштыруу менен башталды. Аталган студияда эми “Манас” эпосун коомго жайылтуу багытында эфирлер тартылып, жайылтылат.

Маалыматтык машыгуу андан ары “Супара” этно-комплексинде уланат. Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушундагы мааниси тууралуу интерактивдүү сабак, искусство аркылуу аң-сезимге жана өзүн көрсөтүүгө көнүгүүлөр өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий