• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте жогорку чыңалуудагы эки жаңы көмөк чордону пайдаланууга берилди

Экономика 0


Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ынтымак” жана “Ак-Кула” көмөк чордондору пайдаланууга берилди.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, "Ак-Кула" жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону эски ат майданынын районунда курулуп, Жал, Жумушчулар шаарчасында жана ат майдандын аймагында жайгашкан керектөөчүлөрдү жана жаӊы салынып жаткан ипотекалык үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздайт.

"Ак-Кула" көмөк чордонунда кубаттуулугу 16 000 кВА болгон күч трансформатору, элегазалык өчүргүчтөрү жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору, ажыраткычтар жана сырткы орнотмодогу 10 кВ комплекттик бөлүштүрүүчү жабдуу орнотулган. Ошондой эле адистер 110 кВ чыңалуудагы "Ала-Арча – Ново-Южная-1" электр аба чубалгысынын тартышкан.

Аны менен катар 110/10кВ “Ак-Кула” көмөк чордону, иштеп жаткан 110/35/10 кВ “Мамбетова”, 110/35/6 кВ “Ново Южная”, 110/10 кВ “Айни” көмөкчордондорунун жүктөмүн жана электр энергиясынын жоготууларын азайтууга мүмкүндүк берет.

Ал эми "Ынтымак" жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону 10 000 кВА кубаттуулукка ээ. Ал Орто-Сай айылында курулуп, Орто-Сай айылын жана жакын жайгашкан жаӊы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылат.

«Ынтымак» көмөк чордонунда күч трансформатору, элегазалык өчүргүчтөр жана 110 кВ чыңалуудагы ток трансформаторлору, ажыраткычтары, сырткы орнотмодогу 10 кВ комплекттик бөлүштүрүүчү жабдуу орнотулган. Ошондой эле адистер 110 кВ чыңалуудагы "ТЭЦ Б – Парковая-2" электр аба чубалгысын тартышкан. Жаңы көмөк чордон иштеп жаткан “Парковая” жана “Абдыкалыкова” көмөк чордондордун ишин жеңилдетет.

Белгилей кетсек, көмөк чордондор "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен, ишкананын өз күчү менен курулган.

Пикир

Оставить комментарий