• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын оңдоо иштери 95 пайызга аяктады

Коом 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Бишкек электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин 95%га аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Энергетиктер оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 41 чакырым 35/110/220 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүп, эскилиги жеткен жана жарактан чыккан 3 543 даана изоляторлорду алмаштырышты.

Ошондой эле пландалган 529 чакырым аба чубалгысында утурумдук оӊдоо иштерин өткөрүштү жана тепловизиондук текшерүүнүн негизинде аныкталган 8 дефектти жоюшту.

Белгилей кетсек, аба электр чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар электр берүү чубалгыларынын үзүлүшүнө жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, 2024-жылдын планына ылайык, жогорку чыӊалуу тармактар кызматы тарабынан 1 950 дөн ашык бактын бутактарын бутоо, 1,9 га аянттагы трассаны тазалоо жана 1 145 кг темир бурчтарды ширетүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий