• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте жол сызыктарын жаңылоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бишкекте жол сызыктарын жаңылоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда иштер Ч.Айтматов проспектисин бойлой резиденциядан Жибек-Жолу проспектисине чейин жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында төмөнкү кесилиштерде үзүк-сызыктар жана түз сызыктарды жаңыланды:
- Фучик – Жибек-Жолу;
- Алыкулов - Дэн Сяопин;
- Дэн Сяопин - Кустанай.

Мындан тышкары, Гагарин жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн боегу жаңыланууда.

Төмөнкү кесилиштерде жол чийиндерин жаңылоо аяктады:
- Орозбеков – Фрунзе;
- Раззаков – Абдымомунов;
- Орозбеков – Абдымомунов;
- Чүй - Т.Айтманов;
- Чүй – Орозбеков;
- Эркиндик – Чүй;
- Айни – Шота Руставели;
- Логвиненко - Чүй.

Ошондой эле «Ала-Тоо» аянтындагы жана эски аянттагы бардык жол чийиндери жаңыртылды.

Пикир

Оставить комментарий