• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн кырдаалдык борбор курулат

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бишкекте жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн кырдаалдык борбор куруу пландаштырылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбор жол-транспорттук кырдаал, жүргүнчүлөрдүн агымы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгат жана «Акылдуу жол чырактардын» ишин жөнгө салат.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жол тыгындары менен күрөшүү үчүн Жол кыймылын башкаруу борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий