• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Гүлдөр жана белектер: Бишкекте айым айдоочуларды 8-март менен куттукташты

Коом 0

Бишкек, 07.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында КР ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери айым айдоочуларды Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты.

КР ЖКККББнын жетекчиси Канат Жумагазиев башында турган инспекторлор айым айдоочуларга жагымдуу маанай тартуулап, темир күлүк айдап бара жаткан айымдарды токтотуп, гүл жана белек тартуулашты.

Жумагазиевдин айтуусунда, мындай иш-чара өлкө боюнча жыл сайып өткөрүлүп келет. Максаты – сүйүктүү энеерди, эжелерди, карындаштарды Айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо тилектерди айтуу. Андан тышкары ал айымдар арасында жол коопсуздугун бузгандар аз. “Пайыздык көрсөткүч боюнча айымда арасында жол коопсуздугун бузгандардын саны аз”,-деп кошумчалады ал.

Айымдарды майрамы менен куттуктоону каалаган уюмдар да четте калган жок. Алар да өздөрүнүн баалуу белектерин ар бир токтотулган айдоочу айымдарга берип жатышты. Алардын арасында кыргызстандыктардын Кытайдагы диаспорасы “Патриот KG” коомдук бирикмеси да бар.

“Аз болсо да биздин айымдарга көңүл бурууну кааладык. Ар бир айдоочу жол коопсуздугун сактап, жолдо өзүнө сак болуусун каалайм эле. Ал эркек киши болобу же айымбы айырмасы жок. Бул биздин биринчи жана акыркы акциябыз эмес. Муну менен эле токтоп калбайбыз. Акыркы убактарда өлкөдө жол кырсыгы көп катталып жатат, ошондуктан элдерге ушинтип дем-күч берүү керек”,-деди “Патриот KG” тең негиздөөчүсү Улан Талайбеков билдирди.

Пикир

Оставить комментарий