• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектеги көңүл ачуучу жайларды 15 күнгө жабуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардык штабга борбордогу бардык көңүл ачуучу жайларды (банкет зал, түнкү клуб, бар, караоке клуб, кинотеатр, интернет клуб жана башкаларды) убактылуу жабуу боюнча токтомду сунуштап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаар тургундарынан көңүл ачуучу жайларды жабуу боюнча мэрияга кайрылуулар түшүүдө.

"Кайрылуулардан улам шаардык штабга борбордогу бардык көңүл ачуучу жайларды 15 күнгө чейин жабуу боюнча сунуш киргиздим. Аталган токтом кабыл алынса, анда жогоруда айтылган жайлар убактылуу жабылат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий