• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

«Аял жылмайса — аалам жылмаят». ЖКККББ аппаратынын кызматкерлери кесиптештерин куттукташты

Коом 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчилиги жана борбордук аппаратынын өздүк курамы 8-март – Айымдырдын эл аралык күнүнө карата чогуу кызмат өтөгөн кесиптеш айымдарды куттуктап, концерттик программа тартуулашты.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, майрамдык иш-чара учурунда аталган кызматтын ардагерлери жана бөлүм башчылары сөз сүйлөп, кызмат менен үй-бүлөнү чогуу алып жүргөн айымдардын коомдогу ордун бийик баалап, каалоо-тилектерин айтып, атайын сыйлыктарды тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий