• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектин Чүй проспекти менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинин айрым жерлери жабылат

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. 2-апрелден 10-апрелге чейин Бишкектин Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабык болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул участокто "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинини долбооруна, "Бишкекжылуулуктармагы" ААКга берилген техникалык шарттарга, ошондой эле жер иштерин жүргүзүүгө ордерлерге ылайык жылуулук камерасын куруу менен жылуулук тармагы салынат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана борбор калаанын тургундарын жана конокторунан автоунаа менен жүрүү маршруттарын алдын ала пландап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий