• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жол тыгындарына каршы күрөшүү борбору түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бишкекте тыгындар менен күрөшүү үчүн жол кыймылын уюштуруу борбору түзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору, мэрдин транспорт маселелери боюнча кеңешчиси Улан Уезбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкектин жол кесилиштериндеги унаа кыймылынын интенсивдүүлүгүн, жол кыймылын уюштурууну жана унаа агымдарынын өтүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн жол чырак объектилеринин циклин анализдөө иштери башталды.

Борбор үстүбүздөгү жылдын аягына чейин түзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий