Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кызматташтыкты талкуулаган жыйын өткөрүштү.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Абсаттар Сыргабаев жана ЖКККББ жетекчиси Жеңишбек Жоробеков катышты.
Жыйында жолдогу коопсуздук чараларын күчөтүү, кырсыктарды алдын алуу, жол кыймылынын эрежелери жөнүндө калкка маалымат жеткирүү жана айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Министр Абсаттар Сыргабаев отурумда көтөрүлгөн айрым көйгөйлөрдү кыска аралыкта жоюу боюнча чаралар жүргүзүлө тургандыгын билдирди.
Пикир
Оставить комментарий