• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 29.08.17. /Кабар/. Бишкекте жолдорду оңдоп түзөө иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Свердлов райондук администрациясынын берген маалыматы боюнча, “Аламедин-1” кичирайонунда жолдорду оңдоо иштери үчүн даярдыктар жүрүүдө.
Кичирайондордун ичиндеги жолдун жалпы узундугу 3 миң 800 метрди түзөт. Анын 64 метри оңдолгон, 1000 метр оңдолууда.
Учурда асфальт төшөө үчүн даярдык көрүлүүдө. Оңдоо иштерин толугу менен сентябрьдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жол чырактарын орнотуу үчүн райондук бюджеттен 400 миң сом бөлүндү.
Учурда аларды орнотуу үчүн керектүү курулуш жабдыктары алынды.

Пикир

Оставить комментарий