• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Азиаданын алдында Түркмөнстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.08.17 /Кабар/. Азия оюндарынын алдында Түркмөнстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өлкөнүн ири унаа жолдорунда, сейил бактарында жана базарларында атайын аскердик патрулдар иштей баштаганы кабарланууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашөгүз облусундагы өз булактары кабарлашкандай, аймактагы базарларда дүрбүчөн аскерлер менен полиция кызматкерлери күзөтүп жүрүшөт. Алардын саны жыйырмадан ашат, көбү аскерлерден турат.

“Базардын ичинде полиция унаалары күзөтүп жүрүшөт. Өзбекстан менен чек ара дагы толугу менен жабылды. Бирок бул жолкусунда чек араны дароо эки өлкө тең жапты", - деди ал.

Басылманын өлкөнүн башка аймактарындагы булактары дагы жергиликтүү базарларга, соода жайларына полиция кызматкерлери менен аскерлер коюлганын билдиришүүдө. Андан тышкары ири аэропорттордо полициячылар менен аскерлердин саны көбөйтүлгөндүгү, ошондой эле өлкө Каспий деңизи аркылуу чектешкен Азербайжан жана Иран менен чек арасын күзөтүүнү күчөткөнү кабарланууда.

Азия оюндары Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий