• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россия Тажикстандагы муктаж үй-бүлөлөргө 1 млн долларлык жардам жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.02.21./Кабар/. Россия Тажикстандагы «муктаж үй-бүлөлөрдө жашаган мектеп окуучуларына» 1 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөттү.

Азык-түлүктөн турган жардам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында берилди.

Россиянын Душанбедеги элчилигинин маалыматына караганда, гуманитардык жүктүн көпчүлүгү Тажикстандын түштүк аймактарына жеткирилди. Жардам жалпысынан 22 миң муктаж үй-бүлөгө таратылат деп күтүлүүдө.

Былтыр Россия Тажикстандын мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 21 миллион 200 миң доллар бөлөрү кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий