• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Тажикстан Ухань шаарынан 46 студентти алып келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Тажик бийлиги 11-февралда Кытайдын Ухань шаарында окуган 46 студентти мекенине алып келди.

Эвакуацияланган студенттер, аларды коштоп келген экипаж мүчөлөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Варзоб районундагы «Харангон» санаторийине жайгаштырылат.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхамуддин Камолзоданын айтымында, Ухандан келген студенттердин арасында коронавируска шектүүлөр жок, бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талабына ылайык алар эки жума карантинде кармалышат.

Тажикстанга Кытайдан бир айдын ичинде 900 адам келген.

Өлкө бийлиги 27 чек ара өткөрмө бекетинде дарыгерлерди нөөмөткө коюп, көзөмөлдү күчөттү.

Пикир

Оставить комментарий