Бишкекте жолдорду оңдоо. Эртең Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 31-майда Ахунбаев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылат.

Муниципалитеттен белгилешкендей, Токтоналиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо бир нече этап менен жүргүзүлөт.

Капиталдык оңдоо маалындагы коомдук транспорттун өзгөргөн кыймыл чиймеси төмөндө көрсөтүлдү:

Убактылуу кыймыл чийме 1
Убактылуу кыймыл чийме 2
Убактылуу кыймыл чийме 3

Пикир

Оставить комментарий