Бишкекте жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин перспективдүү түтүктөрдү орнотууга 2 атайын техника жана 1 бригада (5 адам) тартылган.

Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкедеги жумуштарга 7 бирдик атайын техника тартылган. Жеринде төмөнкүлөр иштеп жатат: 1 бригада (5 адам) битум куюга даярдык жумуштарын, 1 бригада (12 адам) бордюр орнотууда, 1 бригада (5 адам) битум куюуда жана Токтоналиев менен Шакиров көчөлөрүнүн ортосуна асфальттын биринчи катмарын жаткырууга даярдык көрүлүп жатат.

Байтик баатыр көчөсүндөгү капиталдык оңдоого: Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин 12 атайын техника тартылган, 1 бригада (18 адам) жолду кеңейтүү үчүн тилкени даярдап жатат. 1 бригада (16 адам) жол боюндагы бордюрларды орнотууда. Ошондой эле 1 бригада (8 адам) түтүктөрдү орнотуу үчүн тартылган.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жумуштарга 12 атайын техника тартылган. Жеринде 1 бригада (14 адам) эски асфальтты сыйрып жатат. 1 бригада (8 адам) асфальтка чейинки тазалоо жумуштарын аткарса, 5 адамдан турган геодезисттер бригадасы да иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий