• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россиядан Кыргызстанга 6 наристе кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Россиянын Москва шаарынын медициналык мекемелеринде энелери таштап кеткен 5 айдан 2 жашка чейинки 6 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ЦБалдар мекенге Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жардамы менен кайтарылды. Алар Кыргызстандын аймагына келиши менен балдар үйүнө жайгаштырылган. Эми адистер үй-бүлөлөрү менен биригүү үчүн жакын туугандарын издей башташат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Ирак Республикасынан 79 бала өз мекенине кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий