• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КРда жума намазына келгендерге той-аштагы ысырапкорчулуктун алдын алуу түшүндүрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан президенттин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ведомствонун кызматкерлери мечиттерге жума намазына келген жарандар менен жолугуп, бул жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында куру намыска алдырып, бири-бирине атаандашып, ысырапкерчиликке жол берилип, ошол үй-бүлөнү көптөгөн чыгымга алып келген учурлар көп болгон.

Бул маселени эске алуу менен ИИМдин ЭММКАКтын жана аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында калк маркумду коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөт, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болуп жаткандыгын, ал тургай мындай шаан-шөкөт салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп бара жаткандыгын айтышты.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол бербөө маселеси кеңири талкууланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берилди.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар президенттин бул жарлыгын колдошорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын жолугушууда айтып беришти.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы президенттин жарлыгын элге туура жеткирүү максатында ушундай иш-чараларды уюштуруп, Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий