• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте журналисттердин кармалышы. УКМК сүйлөшүүнүн аудиосун жарыялады

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети опузалоо фактысы боюнча сүйлөшүүнүн жазуусун таратты. Буга чейин телеканалдардын биринин журналисттери кармалганы кабарланган.

УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери тарабынан, өздөрүнүн кесиптик ишмердигинен пайдалануу аркылуу өлкө жарандарынан аброюна шек келтирүүчү мүнөздөгү видеоматериалдарды жарыялайбыз деп коркутуп, системалуу түрдө пара талап кылуу фактысы аныкталды.

Учурда Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгы менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан жолдордогу мыйзам бузууларды каттоого багытталган рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Деген менен ММКнын айрым кызматкерлери тарабынан рейд учурунда тартылган видеоматериалдар кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонулуп, мындай учурда жарандар коомдук айыптоого жана кадырын кетирүүгө жол бербөө максатында талап кылынган акча каражаттарын берүүгө аргасыз болушууда.

Алсак, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өлкөдөгү телеканалдардын биринин кызматкерлери Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалдарды алып салуу үчүн акча талап кылышкан. Ошол эле учурда, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карыздык милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө милдеттеме жазууга мажбурлашып, анын унаасын күрөөгө мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 9-июль күнү аталган адамдар 2 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын өткөрүп жаткан жеринен кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган фактыга тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоо боюнча зарыл болгон иш-чаралар комплекси жүргүзүлүүдө, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

УКМК массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн пайдалануу аркылуу акча каражатын опузалоо боюнча мыйзамсыз схемаларды түзүү жолу менен өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, ал эми мындай фактылардан жабыркаган жарандар болсо: 0-312-62-05-85 телефон номурлары аркылуу кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий