• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сот Алмазбек Атамбаевди камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-август күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратында Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны өтүп, анда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралган.

Бишкек шаардык соту Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Атамбаев 26-августка чейин камакта калмай болду.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-август күнү кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган.

Кой-Таш айылында башаламандыктарды уюштуруу, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуусу жана бир катар жарандардын жаракаттарды алуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий