• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

Маданият 0


Бишкек, 12.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин Кувейт эл аралык университетинде мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

"Жусуп Абдрахманов – көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер" аттуу конференцияга президенттин, өкмөттүн аппаратынан, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, окуу жайлардын мугалимдери жана интеллигенция өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын алдында Абдрахмановго арналган китеп-иллюстративдик көргөзмөнүн ачылышы орун алды. Андан кийин инсандык жогорку интеллекти темаларына арналган бир нече олуттуу баяндамалар жасалды.

Президенттин аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүм башчысынын орун басары Октябрь Капалбаевдин айтымында, Жусуп Абдрахмановдой улуттук лидерге жеткендер тилекке каршы өтө аз.

"Алар саналуу гана. Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө өздөрүнүн өмүрүн курмандыкка чалып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшүү оңойго турбашы мүмкүн. Айталы, Абдрахманов Кыргыз эл комиссарлар кеңешинин биринчи төрагасы болуп шайланганда болгону 27 жашта экен. Бүгүнкү күндө 27 жаштагы жигит эмне иштерди аткара алары чоң маселе", - дейт ал.

Капалбаев президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгонун эскертип кетти.

"Мамлекеттик ишмерибиздин 120 жылдыгын белгилөө боюнча президент Садыр Жапаровдун №37 жарлыгы чыкты. Ушул жерден бир нерсеге токтолсом, жарлыктын №37 номери менен 1937-жылдын айкалышып калгандыгы атайылап жасалган эмес. Бирок 1937-жылдагы репрессия күчөп турган мезгил менен №37 жарлыктын чыгып калышы кайсы бир деңгээлде сакралдуу жагы бар экендигин эске алып коюу керек", - деп белгиледи Капалбаев.

Ал эми "Мурас" коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Абдрахманов азыркы Кыргызстан мамлекетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон инсандардын бири экендигин айтат.

"Жусуп Абдрахманов совет доорундагы эки улуттук лидердин бири. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жок болуп кете турган мезгилде кошуна элдердин баары мамлекеттүүлүккө ээ болуп жатканда Абдрахманов 21 жашынан баштап эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн. Анын алгачкы аракетинде натыйжа болгон эмес. 1924-жылы 14-октябрда Кара кыргыз автономдуу облусу түзүлүшүнө өзүнүн устаты Абдыкерим Сыдыков менен күрөшкөн. Бул иштер аткарылбаса Кыргызстандын түндүгү Казакстанга түштүгү Өзбекстан, Тажикстанга карап калмак. Түрктөр Мустафа Кемал Ататүрктү өзгөчө баалайт, биз дагы Жусуп Абдрахманов ошондой сыйлашыбыз керек", - деди ал.

Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев конференцияга 30дан ашык баяндама келип түшкөнүн билдирди.

"Конференция жөн жеринен 12-мартта өтүп жаткан жок. Анткени 1927-жылы 7-12-мартка чейин өткөн съездде Абдрахманов азыркы тилде айтканда өкмөт башчы болуп шайланган. Иш-чара мамлекетибизди түптөгөндөрдүн басып өткөн жолун өсүп келе жаткан муундарга жеткирүү үчүн уюштурулууда. Быйыл Жусуп Абдрахмановдун музейин ачуу, Бишкек жана Ошко эстелигин коюу жана башка иштер аткарылат. Өкмөттүн алдында уюштуруу комитети түзүлүп жатат. Республикалык масштабда чоң иш-чаралар өткөрүлөт", - деп маалымдады Үсөбаев.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-мартында Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилген.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн.

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган.

Пикир

Оставить комментарий