• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министр Жаманкулов Стамбулда жайгашкан Түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна барды

Маданият 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркия мамлекетине болгон иш сапарынын алкагында Стамбул шаарында жайгашкан Түрк дүйнөсүнүн маданий борборуна барды. Бул тууралуу ведомствонун бамса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, а жерде министр Стамбул шаарынын жергиликтүү жетекчилери менен бул жылы белгиленип жаткан түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата ишке ашырылып жаткан маданий иш чараларды жана Кыргызстан маданий күндөрүн уюштурууну талкуулады.

Андан тышкары, маданий борбордогу Кыргызстандын үйүн көрүп, мындан ары ички мазмунун жана коюлган буюмдарды дагы жакшыртуу боюнча иш алып барыш керек экендигин, жакынкы арада жаңы концепция менен кайра иштелип чыгылаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий