• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Учурда Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы өтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, сынактын биринчи турунда катышуучулар ар кандай педагогикалык кырдаалдарда маселе чечүү боюнча тесттик сыноолордон өттү.

Биринчи турдун жыйынтыгы менен 40тан 60 баллга чейин алган 128 мугалимдин ичинен 25 мугалим экинчи турда ат салышууда.

Конкурсанттар бүгүн мастер-класска катышып, окуучулар менен иштөөдө кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтүшүүдө.

Белгиленгендей, сынак 5-октябрга чейин уланат.

Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.

Конкурстун максаты - башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий