• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте жылуулук маселеси боюнча көйгөй жаралса кимге кайрылуу керек? Ишеним телефондору

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Борбор калааны жылуулук менен “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы жана “Бишкекжылуулукэнерго” ААК камсыздайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт: Жал кичи району, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, “Орто-Сай” жана “Калыс-Ордо” конуштары, Жумушчу шаарчасын.

“Шаарга жылуулук берген уюмдар бири-биринин ишине жооп бербейт. Жылуулуктун жетишсиздиги боюнча арыз жазуудан мурун үйүңүздөгү жылуулукка кайсы мекеме жооптуу экенин тактап алыңыз”, - деп айтылат маалыматта.

Ишкананын ишеним телефондору сиз үчүн дайыма жеткиликтүү:

- 0312 21-28-44 - диспетчердик кызмат 8:00дөн 17:00гө чейин;
- 0312 21-29-06 - күнү-түнү иштеген диспетчердик кеңсе;
- 0701 777-110 - ишкананын What`sApp номери.

Пикир

Оставить комментарий