• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жол эрежесин бузган такси айдоочусу кайгуул кызматкерин капотуна сүйрөп кетти

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин бузган такси айдоочусу кайгуул кызматкерин капотуна сүйрөп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери бүгүн болжол менен саат 11:30да Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Бирок айдоочу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей, каршылык көрсөткөнгө аракет кылган.

"Азыркы учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь райондук ИИБна жеткирилген. Толук маалымат дагы такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий