Ошто өзгөчө оор кылмыштарга шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Ош шаарында акча алмаштыруу жайга каракчылык менен кол салгандар жана жол тандабаска ок чыгаргандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-апрелде таңкы саат 08:10 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда каракчылык фактысы катталган. Медициналык беткап кийген үч белгисиз адам акча алмаштыруучу жайдын кызматкеринин денесине залал келтирип, андан соң курал менен коркутуп, 3 млн 600 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кетишкен.

Андан соң кол салгандар ак түстөгү “Деу-Нубира” үлгүсүндөгү унаа менен изин жашырып кетишкен. Жабырлануучу ар кандай оордуктагы жаракаттар менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Ушул эле жылы 27-январда саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айылында “Мерседес-Вито” үлгүсүндөгү унаада бара жаткан кара беткапчан жана камуфляж кийимчен белгисиз адамдар автоматтан жана тапанчадан үйдүн короосунда токтоп турган “Тойота-Ландкрузер 200” үлгүсүндөгү унаа тарапка ок атып, акча уурдоого аракет кылышкан. Бирок алар көздөгөн жыйынтыкка жетпей белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, жогорудагы кылмыштарга бир кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бар экени аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыктарынын жана УКМКнын кызматкерлери тартылып, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында куралдуу кол салууга шектүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар:

- 1997-жылы туулган М.Б., Өзбекстан Республикасынын жараны;
- 1986-жылы туулган Э.Ж., Өзбекстан Республикасынын жараны,
- 1993-жылы туулган А.Т., Өзбекстан Республикасынын жараны, мамлекеттер аралык издөөгө алынган;
- 1986-жылы туулган А.И., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 1971-жылы туулган М.Н., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 1971-жылы туулган Б.Э., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 1976-жылы туулган А.Ш., Кыргыз Республикасынын жараны;
- 2003-жылы туулган С.А., Кыргыз Республикасынын жараны.

Кармалгандардын арасында эл аралык террористтик уюмдун бир нече мүчөлөрү, анын ичинде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар жана мурда соттолгондор да бар.

Кармалгандардан белгисиз үлгүдөгү автомат, травматикалык тапанча, ошондой эле так салмагы такталып жаткан "гашиш" баңгизаты алынды. Мындан тышкары, колго жасалган бычактар, кастет, ок-дары жазоочуу жабдыктар, жардыруучу зат – граната табылып алынып, аларга экспертиза дайындалды.

Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий