• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүйдө каналга түшүп кетти делген өспүрүм аман-эсен табылды

Аймак 0

Бишкек,13.05.23. /Кабар/. Чүйдө каналга түшүп кетти делген өспүрүм аман-эсен табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй районундагы Алга айылында каналга 15 жаштагы Н.А. аттуу эркек бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү максатында 6 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана туугандарынан 2 киши тартылган.

Бала туугандары тарабынан үйүнө жакын жерден аман-эсен табылган.

Пикир

Оставить комментарий