• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №16 орто мектептин кошумча корпусунун курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Бишкектеги №16 орто мектептин кошумча корпусунун курулушу аяктап, пайдаланууга даяр. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Имараттын долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген, жаңы мектеп эки окуу корпусунан турат. Учурда билим берүү объектинин курулушу аяктап, пайдаланууга даяр.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 49 млн 465 миң 500 сомду түзөт. Быйылкы жылы, бүткөрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 23 млн 166 миң 700 сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий