• 87
  • 90.64
  • 0.85

Бишкектеги №17 шаардык китепканага венгер акыны Шандор Петефинин ысымы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги №17 шаардык китепканада венгер адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, улуу акын Шандор Петефинин ысымын ыйгаруу аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана котормочу Толукбек Байзак, ошондой эле маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов катышты.

Ардактуу коноктор Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн жана Шандор Петефинин дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын белгилеп, сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын алкагында борборлоштурулган китепкана системасынын кызматкерлери улуу акындын чыгармаларын кыргыз жана орус тилдеринде окуп беришти.

"№17 шаардык китепканага Шандор Петефинин ысымын ыйгаруу эки элдин достугунун символу болуп, маданий жана адабий алакалардын өнүгүшүнө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий