• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте ЦУМдун имараты бомба жана барымтага алынгандар тууралуу маалыматтан кийин курчоого алынды

Коом 0


Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Бишкектеги Борбордук универсалдык дүкөндун (ЦУМ) имараты бомба жана барымтага алынгандар тууралуу маалыматтан кийин курчоого алынды. Соода борборуна келгендер жана кызматкерлер эвакуацияланды.

Агенттикке булактар билдиргендей, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине соода борборунун ичинде бир нече аял элдерди барымтага алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Такталбаган маалыматтар боюнча, имарат миналанган болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий