• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамына 30 жыл! Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 03.05.23. /Кабар/. Бишкекте Эгемен Кыргызстандын Баш мыйзамынын 30 жылдыгына карата Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Анда кеңешке келип түшкөн долбоор-концепциялардын бет ачарлары уюштурулду.

Кеңешмеде Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин беш айлык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамдын долбоору макулдашуу комиссиясында каралып, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетине өткөндүгүн, жакында кайрадан сессияда карала тургандыгын билдирди.

Жыйынга расмий чакырылып, түрдүү себептер менен келбей койгон "Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун башчысы, ЖК депутаты Жанар Акаевдин дарегине сындар айтылды.

Кеңейтилген жыйынга КР президентинин аппаратынын кызматкери Замирбек Турсунбеков, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев, биринчи Элдик курултайдын райондук-шаардык-облустук-республикалык жетекчилиги, чакырылгандар болуп жалпы 90го жакын адам катышты.

Үч саатка созулган жыйындан соң төмөнкүдөй мазмундагы чечим кабыл алынды.

Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин кеңейтилген жыйынынын чечимин толугу менен өзгөртүүсүз келтиребиз:

"1.Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин беш айлык ишмердүүлүгү жөнүндө К.Кошалиевдин маалыматы эске алынсын.
2. “Элдик курултай жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын долбоору боюнча төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
-Өлкөдө админстративдик-аймактык реформа жүрүп, айыл өкмөттөр кыскарып жаткандыгына байланыштуу делегаттардын шайланып келүүсүн элдин санына жараша калыс бөлүштүрулсүн;
-Элдик курултайдын делегаттарын шайлоодо жана квотаны бөлүштүрүүдө аймактык, тармактык, этностук, улуттук иденттүүлүк, гендердик, жаш курактык өзгөчөлүк принциптери сакталсын;
-Делегаттарды тандоо жыйындарына талапкерлер өздөрү жеке катышып, платформа- программасын айтып, элдин элегинен өткөн адамдардын түз шайланып келүү шарты мыйзамга киргизилсин;
-Жергиликтүү Курултайлар (район, облустан башкасы) түзүмү кайрадан калыбына келтирилсин;
-Элдик курултайдын делегаттары менен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ырааттуу иш алып баруу улантылсын;
-делегаттарды тандоодо жашы 21 ден жогору болуп, билим-тажрыйбасы, эл ичиндеги кадыр-баркы, үлгүлүү иштери эске алынсын;
-Делегатты курултайда сүйлөгөн сөзү үчүн куугунтукка алууга жол берилбесин.
3. “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште 2023-жылдын, 1-июлуна чейин кабыл алынсын.
4. “Адам бол”, “Жарык”, “Билим-тарбия”, “Табиятка шайкештик”, “Энергетика”, “Кыргыз казынасы”, Улуттук авиация”, “Дүйнөлүк ат оюндары”, “Кыргыз ордо” улуттук борбору долбоорлорунун концепциялары жактырылып, тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуш иретинде жөнөтүлсүн жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүлсүн.
5. Улуттук наркты өзөк тутуп, коомчулук менен руханий-идеологиялык багытта иш алып барууга басым жасалсын.
6. Кыргыз Республикасы светтик өлкө болгондуктан, Конституциянын талаптары так сакталып, элди ажырымга алып келген ар кандай диний агымдардын ишмердүүлүгү мамлекеттик координацияга алынсын.
7. ММКлар менен системдүү иш алып барылып, “www.kurultay.kg” сайтынын ишмердүүлүгү толук кандуу жөнгө салынсын.
8. Элдик Курултай институтун колдоо максатында түзүлгөн “КУРУЛТАЙ-КЕНЧ” коомдук фондунун иши ар тараптуу колдоого алынсын жана түшкөн каражаттар өз максатына ылайык мыйзам чегинде жумшалсын.
9. Бул чечим тийешелүү мамлекеттик бийлик органдарына сунуш иретинде жөнөтүлсүн жана ММКларга кеңири жарыялансын.

Жыйындын төрагасы К. А. Кошалиев
Катчысы Т. Р. Эдилов

Пикир

Оставить комментарий