• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги 19 кесилиште "Коопсуз шаардын" камералары иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкектеги 19 кесилиште аппараттык-программалык комплекс орнотуу иши аяктап, бүгүндөн тарта иштей баштады. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 13нөн 14-майга караган түнү саат 00:00дө төмөнкү кесилиштердеги камералар ишке киргизилди.;

- Элебесов—Аул;

-Дэн Сяопин—Алыкулов;

- Дэн Сяопин—Садыгалиев;

- Бөкөнбаев—Жаш гвардия;

- Фучик—АЗС;

- Сүйөркулов—Байтик баатыр;

- Чүй—Шопоков;

- Сүйөркулов—Юнусалиев;

- Ч.Айтматов—Ахунбаев;

- Жибек Жолу—Лермонтов;

- Ауэзов—Чүй;

- Л.Толстой—Жаш гвардия;

- Б.Алыкулов—М.Өмүракунов;

- Ахунбаев—Тыналиев;

- Ч.Айтматов—А.Масалиев;

- А.Токомбаев—7-апрель;

- Ч.Айтматов—Семетей.

Белгилей кетсек, долбоордун биринчи баскычында 110 аппараттык-программалык комплекс ишке кирет: Бишкекте – 42, Чүй облусунун жолдорунда – 48 жана 20 көчмө комплекс.

Пикир

Оставить комментарий