• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Пара менен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси УКМКнын тергөө абагына камалды

Коом 0


Бишкек, 27.06.23./Кабар/. 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Эске салсак, УКМК Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.

Ушул жылдын 24-июнунда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Пикир

Оставить комментарий