Бишкектеги №28 орто мектеп №70 мектеп-гимназиянын курамына кошулат

Коом 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Бишкектеги №28 орто билим берүү мектеби №70 мектеп-гимназиянын курамына кошулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бириктирилиши сапаттуу билим берүү менен камсыздоо жана мектептердин имараттарын натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.

Эки мектепти бириктирүүдө төмөнкү багыттар боюнча окутуу пландаштырылууда:
• Башталгыч класстар (1-4-класс) – №70 мектеп-гимназиясында;
• Ортоңку класстар (5-8-класс) - №28 орто мектепте;
• Жогорку класстар (9-11-класс) - №70 мектеп-гимназиясынын имаратында окушат.

Лицензиянын мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу, ошондой эле Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык №28 орто мектеп мектеп-лицейи макамына ээ эмес. Эми мектептердин бириктирилиши менен анын окуучулары мектеп-гимназиянын курамына кирмей болду.

Ушу тапта №70 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы борбор калаадагы 20 мыкты мектептин катарында. Андан жыл сайын алтын сертификаттын жана өзгөчө үлгүдөгү аттестаттардын ээлери болгон бүтүрүүчүлөр чыгат.

Өзгөрүүлөрдөн кийин №28 орто мектептин педагогикалык курамы, кенже жана техникалык кызматкерлери штаттык режимде иштей берет. Ал эми окуучулар класстарына жараша ар кандай имараттарда окуй тургандыктан, класстарда ашыкча жыйноо болбойт.

Мунипипалитет 2000-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен №36 жана №69 мектептер бириктирилгенин эске салды.

“Башталгыч класстар Айни көчөсү, 13 (№36) дарегинде жайгашкан имаратта билим алышат. Ортоңку жана жогорку класстар Фатьянов көчөсү, 10 дарегиндеги имаратта жайгашкан. Бүгүнкү күндө № 69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы Бишкектеги эң алдыңкы мектептерди катарын толуктайт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий