Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Бишкектеги №5 муниципалдык мончо оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын маалымат катчысы Мирлан Алымбаев билдирди.
Анын айтымында, мончо ишкананын балансында турат.
“Мончо капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле медициналык туз менен курчалган жаңы буу бөлмөлөрү салынды”, - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, мончо жакынкы күндөрдө иштеп баштайт.
Пикир
Оставить комментарий