• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдүн Кароол-Дөбө айылында футбол аянтчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылында кичи футбол аянтчасы­нын курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, спорттук аянтчанын ачылыш аземине жер­гиликтүү бийлик өкүл­дөрү жана айыл тургу­ндары катышты.

Аталг­ан футбол аянтчасы Ысык-Көл облусун өнүк­түрүү фондусунун кол­доосу менен салынды. Курулуштун тендердик баасы 2 млн 736 миң сомду түздү. Фу­тбол аятнчанын жалпы аянты 1033 метр. Ку­рулуш 2022-жылдын май айында башталып, август айында бүткөрү­лдү.

Мындай спорттук аянч­алардын жер-жерлерге курулушу айыл тургу­ндарын сергек жашоого үндөп, жаш муундар­ды физикалык жана ру­ханий жактан чыңдоого өбөлгө түзмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий