• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчалар иштей баштайт. Шарттары

Аймак 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. 11-январдан тарта Ош шаарындагы мамлекеттик бала бакчаларда мектепке даярдоочу жана чоң группаларды кабыл алууга уруксат берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калган тайпаларды кабыл алуу этап-этабы менен ишке ашат. Бул тууралуу Жарандык коргонуу штабында чечим кабыл алынды.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев бала бакчаларда санитардык талаптар толук сакталуусу боюнча тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий