• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Ата районунун бир катар айылдары таза суу менен камсыздалууда

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунун бир катар айылдары таза суу менен камсыздалууда. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайвк, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Кочкорбаев айыл аймактарында Кыргызстандын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) долбоору менен айылдарга таза суу киргизүү иштери жүрүп жатат.

Район башчысы Нуралы Курмантаев Кең-Булуң, станция Ивановка, Кеңеш айылдарында болуп, калкты таза суу менен камсыздоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты

Пикир

Оставить комментарий