• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Абдыкадыров архитекторлор менен Ысык-Көлдөгү курорттордун инфраструктурасын жакшыртуу маселесин талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров облустун архитекторлору менен жолугушуп, курорттук аймактардын инфраструктурасын жакшыртуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда туристтерге жана спортчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси да көтөрүлдү.

"Курорттук зоналардын жана спорттук жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүү туристтик жана спорттук борбор катары позициясын бекемдөөнүн маанилүү багыты болуп саналат. Биз спортчуларга да, конокторго да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдон келген аракеттердин баарын жасоого умтулушубуз керек", - деп баса белгиледи облус жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий