• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкектеги №59 "Баластан" бала бакчасында капиталдык оңдоо иштери аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан №59 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде капиталдык оңдоо иштери активдүү жүрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, долбоорду аяктоо мөөнөтү 31-августка белгиленген.

Учурда имараттын чатырын алмаштыруу иштери аяктап, фасадды оңдоо жана жылуулоо иштери башталды. Ошондой эле жылуулук тутумун орнотуу, аймакты жашылдандыруу жана инженердик тармактарды алмаштыруу колго алынууда.

Белгиленгендей, бала бакчада кошумча бош орун түзө турган жылдырма керебеттер колдонулат.

Буга байланыштуу 420 орунга эсептелген бала бакча 600гө жакын баланы кабыл алууга ылайыкталууда.

Бөбөктөрдү №59 бала бакчага электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий